Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго тиешелүү материалдар боюнча УКМКга кат жөнөттү. Башкы көзөмөл органдын маалыматына таянсак, сурам 27-мартта жөнөтүлгөн, азырынча жооп келе элек.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова Иса Өмүркуловго карата башка материалдар болгонун жана ал материалдар боюнча эмнеге чара көрүлбөй жатканын айткан. Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго козголгон кылмыш иши боюнча сотто каралган материалдардан башка материалдар жок экенин билдирип, башка материалдарды алып келип берүү боюнча Аида Саляновага кат жөнөтүшкөн. Ал эми Салянова материалдар УКМКда экенин билдирген.