Бишкек-Ош трассасында күйүүчү май ташыган автоунаа менен жеӊил унаа сүзүшүп, 3 адам күйүп кетти. Бул тууралуу 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырсык трассанын 574-чакырымында болгон. Хонда Фит унаасында бараткан 3 адам күйүп, окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы барган. Маалыматка таянсак, Бишкек-Ош жолу ачык. Кырсык боюнча кошумча маалымат берилет.