Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта күйүп кеткендер кимдер экени белгилүү болду

31-мартта Бишкек-Ош трассасында эки автоунаа сүзүшүп, 3 адам күйүп кеткен эле. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков SUPER.KG порталына ал жарандар кимдер экенин кабарлады.

Хонда Фит унаасындагы 3 адам күйүп кеткен, алар: Ош облусунун, Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну Жахангир Исраилов (унаанын айдоочусу), 1978-жылы туулган Асел Калыбаева (айдоочунун аялы), 1956-жылы туулган Тургунай Исраилова (айдоочунун апасы). Булар өрттөнгөн унаадан сыртка чыгууга үлгүрбөй калышкан.

Ал эми күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу - Кара-Балта шаарынын 1979-жылы туулган тургуну К.У азыркы учурда ооруканада жатат.

Окуя тууралуу:

Кырсык саат 05:00 чамасында болгон. Бишкектен Ошко күйүүчү май ташып бараткан Фредлайнер унаасынын ээси рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Бул учурда каршы багытта, тагыраагы Оштон Бишкекке келе жаткан Хонда Фит унаасын басып калган. Жол кырсыгы боюнча материалдар Сузак райондук ички иштер башкармалыгына катталып, каза болгондорго соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Факт боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
yrysbek
2017-03-31 14:26:47
Ооо Аллах боодо кырсыктардан озун сактай кор. Жаман болуптур, журокту эзип жиберчу окуя болуптур. Жараткан бейишинен берсин калгандарын саламатта кылсын.
+13
Krai
2017-03-31 15:00:26
Эх кыргызым кундон кунго кырсык кобойбой эле азая баштадык го . Ош Бишкек жолу кунуго авария кундо кырсык .
Урматтуу админ жолду козомолдогон министирге кантип суроо берем
Ош Бишкек жолунда посттор турат ар бир кирип чыккан машинеге женил машиналарга 50 сом алышат бир кундо эн аз дегенде 2000 машина кирип чыгат жук жуктогон машиналар башка алар 200 дон беришет 2000 машина 50 дон берсе 1 кундо 100.000 бир жылда36500000 акча тушот экен бул эн эле минимальной эсептегенде ушул акчага ж
+7
Aruukeramazan
2017-03-31 15:02:37
Ий жаман болгон турбайбы
жакындарына сабыр
+1
aiba-889290
2017-03-31 15:13:20
Супер Инфо жамааты даяр маалыматты жарыялап коюп отурасынар.Кырсык болгон жерге барып кордунорбу?Жер кочку болгон Ничке-Сай айылынын тургундарын азыр чатыр тигип кочуруп коюшту.Коопсуз аймакта жашаган жашоочуларга ПРОГРЕСС айылынан чек берилген дешет.Эмнеге кочуп кетишкен эмес же эмнеге болунбой калган.Ушуга окшогон жанылыктарды болуп жаткан жеринен журналисттик иликтоо жургузуп берсениздер.
+11
Salman.eldar
2017-03-31 15:27:21
aiba-889290, булардын жумушу ошол да, даяр маалыматты элге жеткирмей!
+6
aiba-889290
2017-03-31 15:22:43
Озгон районунун Ийри-суу айыл окмотунун Корс-этти айылында дагы узундугу 300 метр туурасы 1 метрге жеткен жарака бар.Жер кочку болсо коп уйду басып калат.Айыл тургундары неге коопсуз жайга кочурулгон эмес ушунуда жеринен иликтеп берсен.Ушул эле айыл окмоттун 26 жаштагы 5 жигит жол кырсыгына кабылып анын учоо каза болду,экоо ооруканада.Ошол айылга да барып иликтеп берсениздер.
+5
aiba-889290
2017-03-31 15:31:15
Озгон районунун Ийри-суу айыл окмотунун Жангакты айылында 25-март куну Абдаразаков Рысбек жана Абдрахманов Аттокур Абдразаковичтер ушуп эле айылдын жашоочусу Нуркамил уулу Жыргалбекти алдын ала даярдап барган таяктары менен сабап суу аккан арыкка жаткырып муунтушкан.Жыргалбек оор акыбалда ооруканада экен.Бул ишти караган Озгон райондук Соту Нуржамал Артыкова неге денесине оор залал келтирген кылмышкерлерди коё берет.
+5
Aidani
2017-03-31 15:37:45
Даяр маалыматты кыйын болсонор силер жарыялап коргуло да
-4
sheralievic...aza
2017-03-31 17:14:45
Весовой контроль кунолуу оор машинелерди текшербейт долясын алат койо берет анан перегруз менен унааны башкара албайт
+7
madina.87
2017-04-01 02:46:21
Саар эшикке чыксам асман капкара ыш,тутун болуп кеткен экен.
Жолдошума бул жакта уй орттонуп жатат окшойт деп койдум эле,корсо уй эмес эле тируулой адамдар орттонуп жаткан тура.
((((((((((
Атин жаткан жерлери жайлуу болсун!
Анан Бишкекке эмес Сузакка жума базарга келе жатышкан экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан