Ошто кукси даярдап жатып кокустан адамды өлтүрүп алган адам кармалды. "Биз мас болчубуз"

Ошто адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү Ош шаарындагы кѳп кабаттуу үйлѳрдүн биринин батиринде адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция адам колдуу болуп каза болгон адамдын ѳздүгүн аныкташкан. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу, 1972-жылы туулган Бахтияр Апиев экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кѳкүрѳк тушуна бычак сайылганынан улам каза болгон.

Окуянын жүрүшүн иликтѳѳ учурунда бул кылмышка шектүү үч адам аныкталып, алар издѳѳгѳ алынган. Издѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ кылмышка катыштыгы бар адамдар катары Ош шаарынын эки тургуну кармалган. Алар окуя 28-марттан 29-мартка караган түнү маркумдун үйүндѳ болгондугун, ѳздѳрүнүн бул кылмышка тиешеси жоктугун айтышып, бул кылмышка башка адамдын тиешеси бар экендигин айтышкан. Алар кылмыш болгондон соң аталган үйдѳн чыгып кетишкендигин, корккондуктан эч кимге айтпагандыктарын билдиришкен.

31-мартта милицияга ѳз эрки менен бул ѳзгѳчѳ оор кылмышка негизги шектүү катары Кадамжай районунун 40 жаштагы тургуну, буга чейин бейбаштык боюнча үч жылга соттолуп, жазасын ѳтѳп чыккан И.М. кармалды. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ ошол күнү маркумдун үйүндѳ ѳзү жана эки шериги, жалпысы тѳрт адам 2 бѳтѳлкѳ арак ичишип, мас абалда болуп калгандыгын, закуска үчүн «кукси» тамагын даярдап жатканда, маркум келип аны «тездетпейсинби» деп уруша кеткендигин, ачуусун токтото албай бычак менен уруп жибергенин айткан. "Ал менин артыман келип, сүйлѳнѳ баштады. Ачуум келип, бычактын сап жагы менен урам деп, шиш, миздүү жагы менен кѳкүрѳк тарапка уруп жибериптирмин. Ѳлтүргүм келген эмес. Анан ал кѳкүрѳгүн кармап калганда тѳшѳккѳ жаткырып чыгып кеттик. Мас болчубуз. Тѳртѳѳбүз 2 бѳтѳлкѳ арак ичкенбиз. Үйүнѳ киргенге чейин дагы ар жерден 50-100 граммдап ичип жүргѳн элек», - деп кѳрсѳтмѳ берди кылмышка шектүү.
Учурда адам ѳлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтѳѳ жүрүп жатат. Кылмышка шектүү үч адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bubu88
2017-04-02 13:54:07
Атың очкур арак ай канча адамдын башын жедин олгур аракты ким ойлоп тапса да ошол адамга наалат канча адамдын түбүнө жетти
+9
Benazir08
2017-04-02 14:19:56
Бала чакасы жок бейм акыры өлүп тыныптыр да. Бейиши болсун эми...
+1
Lion.
2017-04-02 14:22:42
Ушу арактын айынан да баары
+6
ilgizk
2017-04-02 14:28:01
арак эчкачан жакшылыка алып барбайт,тообо кылдым ушундай окуяларды угуп көрүп билип турса да арак ичкенинди токтотушпайт да...
+6
KGstan1981
2017-04-02 15:05:01
Бир аалымды бир аял башын айлантырып уйуно апкирип ичинен камап алып.М-н жат же болбосо мени олтур же болбосо арак ич деп уч вариант берет экен.Анан аалым ойлоп никеси жок бейтаныш аял м-н зына кылу бул арам,олтурсом дагын болбойт андан коро жуз грам арак ичип чыгып кетейин деп ойлойт.Жуз грамды ичкенден сон дальше-больше б-п аялды зордоп коюп анан башкаларга айтып бербесин деп олтуруп салат экен.Ошону у-н арак ичуу ошол кичине 50грамдан башталат.Бардык балээлер аркатан келип чыгат.Ойлонгулаа.
+9
abusait
2017-04-02 15:19:38
Садыр Жапаров бийликке нааразы болуп озун олтургонго аракет кылыптыр. Ач кулак тынч кулак , уй камагына эле чыгарып коюшпайбы , бир балээни баштагыча.
+1
meni_kut
2017-04-02 15:34:39
abusait,озун озун олтургонго аракет кылган,сабырсыз инсан экен,президеттике али жаштык кылат окшойт
-4
nurbekasr
2017-04-02 18:16:21
meni_kut,С Жапаровду түрмөгө бекер камаган жок,себеби түрмөдө ур токмок кысиакка алат,даже өлтүргөндөн тартбай ал жерде иштегендер.Жапаров өзүн эч качан кол салбайт.Тооба кылдым бийликтегилер президент баш болуп бийлик үчүн кызганып ушундай да кылабы?Адам ХХХ
+4
Atas
2017-04-02 18:50:15
abusait, Uuru , korupsionerdi ui kamagyna chygargan bolboit . kechiresiz
0
Ali-91
2017-04-02 15:28:04
Ичкилик жамандыктардын энеси деп айтылган Ислам дининде,ичкиликти оозго албагыла,ал арам!
+5
nazarnew
2017-04-02 15:28:11
Бул жактан умный сөздөрдү жазып коебуз да, достор - тууган арасында бастырып алабыз, миң айткандан пайда жок, өзүбүздү өзгөртүшүбүз керек.
+4
Seryi-Kardinal
2017-04-02 15:38:57
nazarnew,sen ozun bastyryp alsan kerek da,eldin baaryn kowpo
-5
cholpon119966
2017-04-02 18:44:07
Арактын айынан канча аялдар жаш балдар бактысыз...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан