Баткен облусунда 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 34 жаштагы адам кармалды. Муну 3-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен ырасташты.
Маалыматка караганда окуя 30-мартта болгон. Милицияга кечки саат 18:00дө жергиликтүү тургун кайрылып, 2011-жылы туулган небереси дайынсыз болуп жатканын айткан. Издөө иштери башталып, кыз ошол түнү аймактагы үйлөрдүн биринен табылган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 1983-жылы туулган шектүү кызга балмуздак алып берем деп алдап, үйүнө алып келип зордуктаганы аныкталган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Белгилүү болгондой, кылмыш боюнча учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кыз медициналык кароодон өтүп, ага психологиялык жардам берилүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча кыздын апасы Орусияга иштегени кетип, аны таенеси тарбиялап жаткан.