УКМК: “Телефон террорчу" кармалды

Бишкекте “телефон террорчу" аныкталып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде саат 11:40 чамасында Бишкек шаардык милициясына белгисиз бир адам телефон аркылуу чалып "Салам Алик" конушундагы жеке үйлөрдүн биринде жардыруучу буюм коюлган деп билдирген. "Окуя болгон жерге шашылыш түрдө УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Үйдүн жашоочуларын коопсуз жерге чыгарып, айлана-тегереги курчоого алынган. Аталган үйдүн жана анын жанаша жайгашкан аймактарды текшерүү учурунда кандайдыр бир жардыруучу буюмдар табылган эмес", - деп билдирет мекеме.

Маалым болгондой, ыкчам изилдөө иш-чаралардын натыйжасында 1983-жылы туулган Е.Н атуу адам аныкталып, кармалган. Ал мас абалында аялы менен урушуп, анын жыйынтыгында жалган маалымат бергенин мойнуна алды. Азыркы тапта УКМКнын Тергөө башкармалыгы мыйзамга ылайык чечим чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jonne
2017-04-03 15:47:03
1-апрел Деп тамашлап койсо болмок экен звонок кылган адамга эми УКМК талап жейт эми озунон кор ач отурсан дагы тынч отур деген созду унутуп калыпсын
+10
A.K.B
2017-04-03 15:53:22
jonne,Бул просто заказ ойюн
+6
Satana
2017-04-03 21:35:16
Бул кандай телефон чалган ыя. Озунун телефонунан чалып койгонбу. укмк кандай табат дейсинер? Базардан 500 сомго телефон, 30 сомго симка алсан телефондон таба албайт, чалып буткондон кийин ыргытып жиберсен. Анда только голостон табат болуш керек.
0
Satana
2017-04-03 21:40:04
Анда голосту жазаш керек болот компьютерден.
Балакет болсо да таба албайт. Бирок ушундайларга ишенбей эле коюш керек. Откондо аэропорттон 4 саат эшикте туруп тонуп калдым эле.
0
AzKumFerDan
2017-04-03 16:05:56
Былтыр да ушундай болгонбу адашпасам Бишкекте.
+5
Edmon
2017-04-03 16:11:54
AzKumFerDan,ээ Кыргызстанда 2 айдын биринде эле ушинтип алдай беришет)
+6
Akabai
2017-04-03 16:27:18
УКМК тузуксунорго
-3
Mr__Messi
2017-04-03 16:28:03
УКМК,ИИМ м.н тамашалашайын деген экен да,абайласан азыр аялын да тамашаны тушунбойт.
+5
Azatbek83
2017-04-03 16:34:35
Е.Н.туура эмес кылыптыр орус окшойт аты Е ден башталат экен Евгений (Женя)
+1
shamshiev.80
2017-04-03 16:43:48
Укмк дегенди "Апенди" деп тушуно баштадым
+9
kemel81
2017-04-03 19:40:22
shamshiev.80,шеф апендинин желдет апендилери же телохранительдери болсо керек.
+3
bond02
2017-04-03 17:13:26
УКМК менен ИИМ укмуш эле иштеп жаткандай коруносунор го.
+1
aiba_00
2017-04-03 17:16:57
Бул жагы 1-апрель не кому не верь болуп калган го.
+1
nur_zhoni
2017-04-03 21:15:52
Аялы менен урушкандар эле ушинте беришет экенда е мурдада манас аэропортунда бомба бар деп бироосу зв кылган эле аялы менен урушуп аялы учуп кетбеш учун
+1
Aidani
2017-04-04 00:41:20
УУМК менин атыман одноклассник ачкандарды таппай койгон кантип аны тапты экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан