Мындан 21 жыл мурун, 1996-жылы 3-апрелде Хорватияда Загреб-Тузла-Дубровник каттамын аткарып жаткан Boeing CT-43A учагы Дубровник аэропортуна жакындап баратып, тоону сүзүп, кулап түшкөн. Натыйжада ал толугу менен кыйрап, ичиндеги 35 адам (30 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү) курман болгон. Учак аба майданынан 16 чакырым алыс жерде, аба ырайынын катаал шартынан жана экипаждын катасынан улам кырсыкка учураган.
3-апрелге карата жылнаама.