Санкт-Петербургда орун алган жардыруудагы алгачкы кадрлар

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы эки метродо жардыруулар орун алган. Орусиялык басылмалардын маалыматтарына ылайык, андан 11 адам каза болуп, 51и жаракат алган. Каза болуп жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала электигин бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары жардырууну жанкечти-террорист уюштурганын, ал Казакстандын жараны, 1995-жылы туулган Максим Арышев экенин жазып чыгышты. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, каза болгондордун арасында Казак жараны болбогонун, сүрөттөгү адам Максим Арышев эмес экенин билдиришти.

Азыркы тапта "террордук акт" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жардырууга катыштыгы бар делген эки адамдын издөөгө алынганы белгилүү болду.

3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы жардыруу
Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелүүчү
Владимир Путин Санкт-Петербургдагы жардыруу болгон жерге барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Musabaeva.
2017-04-04 09:20:30
Кудай сакта, журок ооруткан окуя болуптур, сабыр айтабыз .
+7
nurbekasr
2017-04-04 09:26:24
Жаман окуя болуптур,кечээ кечинде В В Путин Москвадан Питерге барып теракт болгон жерге гүл койду.А биздин АША карыш турган Дача сууга барбай койду тооба кылдым.Президент деген Путиндей болсо,адатынча АША терактын түтүнү таркагыча Путинге көңүл айтты.
+34
Makain
2017-04-04 09:38:29
nurbekasr,ака ал орус а биз кыргызямбыз
-21
zahira
2017-04-04 10:32:25
nurbekasr,Созунузго толук кошулам ,Путинди твдан коруп мен да аябай суктандым.Бизде да канчалаган кырсыктар болуп, адам омурун алган окуялар коп катталып жатат АША нын барганын эч эле эстей албай жатам. Паланча жигули менен жургондо мен мерс айдачумун деген создор эле мээме синип калгандай.
+8
aruuke9292
2017-04-04 11:04:19
nurbekasr,тутуну тараганча конул айтты де. АША уйдо баатыр жоодо жок да. Путиндин гул койгонун тв дан коруп мен да тан калдым ажобузга салыштырып. Президент д.н ушундай жонокой элге жакын болуш к.к
+2
adi.ali94
2017-04-04 14:14:55
nurbekasr,самалёттогу жүк өзүнкү болсо кантип бармак эле коркот да
+3
ekalove
2017-04-05 09:44:32
nurbekasr,Ал Питерде жүрүптүр!
0
adi.ali94
2017-04-04 09:28:20
Коопсуздук кызматы Москвадагыдай иштебейт окшойт. Эгер террорист жанкечти кирип жардырган болсо. Кичине металл алып кирсең билинип калып сразу текшеришетго.
+4
Nooruzmairam
2017-04-04 09:56:14
Мигрант мекендештерибизди мындай кырсыктардан аллах озу сактасын
+4
Nooruzmairam
2017-04-04 09:56:50
А Ашага соз жок
-2
aydinnur
2017-04-04 10:21:23
Кашайып бул жардырууга шектүүнү да Кыргызстандын жараны деп жүрөт го((фамилиясына карасам өзбек тектүүдөй...эгер чын болсо мекендештерге кыйын болот гооо...
+3
Benazir08
2017-04-04 12:57:16
Ана ушу Путиндер баары үлгү алса болот. Биздин ажонун кылык жоругуна мышык ыйлаййт...
+1
kadamjai90
2017-04-04 14:24:54
метрого киргенде сумканы текшеретго. неге билбеди
0
satarovkubacom
2017-04-04 18:35:50
Атандын кору, Казахтандын эмес эле Кыргызстанда туулган озбек улутундагы Рф гражданы болуп ататго Москвада теледен тынай корсотуп атат, бугун жумушка келсем мени да чогу иштеген орустар сумканда зерчатка жокбу кече Питерде жарылган сенин землягин экен деп жатышат, Орустарга не важно да кыргызбы узбекби булар каяктык экенин укса болду значить ошол мамлекеттин адамдарын кыса башташат((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан