Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолу 10 метрге чейин чөктү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде саат 08:40 чамасында Ош облусунун Алай районунда №959-жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолунун 11-чакырымында, унаа жол болжол менен 9-10 метрге чейин чөккөн.
"Кырсыктан улам жабыркагандар жок. Унаа жолду калыбына келтирүү үчүн техника тартуу жагы каралууда", - деп айтылат маалыматта.