Бишкек шаарындагы мурдагы "Нарын" ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрт өчүрүүчүлөр SUPER.KG порталына билдиришкендей, алар өрттү бир саатка жакын убакыттан бери өчүрүп жатышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Имараттын 50-60 чарчы метр аянты өрттөндү. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.
"Имарат электр энергиясы менен камсыздалбайт. Бул жакта жалаң таштандылар бар экен. Бул жерге келип селсаяктар түнөшөт. Өрт кырсыгы тамеки тартуудагы этиятсыздыктан чыгышы мүмкүн", - дешти өрт өчүрүүчүлөр.