Орусияга Орто Азиядагы республикалардан келген жарандар "террорчулукка көмөк көрсөтүү" боюнча айыпталып кармалышты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде Орусиянын Коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук Гвардиясынын кызматкерлери Орто Азиядагы республикалардан Орусияга иштөөгө келген 6 жаранды кармашты. "Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүүлөр 2015-жылдын ноябрь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Санкт-Петербургда Орто Азиядагы өлкөлөрдөн келгендерди "Джебхат ан-Нусра", "Ислам мамлекети" террордук уюмдарга кирүүгө үндөшкөн. Мындан тышкары алар чет өлкөлөрдө мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүүгө ниеттенишкен. Учурда кармалгандардын жашаган жерлеринде издөө иштери жүргүзүлүп, экстремисттик китептер, документтер алынууда. Азыркы тапта кармалган 6 жарандын Санкт-Петербургдагы метродо жардыруунун аткаруучусу менен байланышы бар же жоктугу тууралуу маалыматтар жок", - деп билдирет Орусиянын Тергөө комитети.
Айта кетсек, жардыруу 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Анын ата-энеси Ош шаарындагы кичи райондордун биринде жашаары белгилүү болгон. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.