Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз делген 10 жаштагы Аселя Төрөбекованын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейинки маалыматта кыздын сумкасын Чоң Чүй каналынын жээгинен көргөндөр бар экени айтылган. Мындан улам издөө иштерине суучулдар да тартылганы маалымдалган эле.
"Издөө иштерине суучулдар тартылып, кыздын туугандары дагы катышышты. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгын күтөбүз. Киши колдуу болгону аныкталса, кылмыш ишин козгоо каралат", - деп билдирет Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 2006-жылы туулган Аселя Төрөбекова 3-апрель күнү саат 12:15 чамасында мектепке үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.