Парламентте Эрнис Кыязов кол салуу боюнча арыз жазуудан баш тартканы айтылды

Парламентте 6-апрелде 2016-жыл боюнча Башкы прокуратуранын отчёту угулууда. Башкы прокурор Индира Жолдубаева жалпы маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жыйында депутат Алмамбет Шыкмаматов журналист Эрнис Кыязовго кол салуу болгонуна укук коргоо органдары реакция кылбаганын айтып, башкы прокурорду фактыга көӊүл бурууга чакырды. Башкы прокурор окуя кечээ гана болгонун, азыркы учурда ички иштер органдары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып, "бул окуяны көзөмөлгө алабыз" деди.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Э. Кыязов арыз жазуудан баш тартканын билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери журналист менен жолугушканда Кыязов дооматы жок экенин айтып, арыз жазган эмес.

Эскерте кетсек, 4-апрелде кечинде журналист Эрнис Кыязов белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
BekAmir
2017-04-06 14:48:56
100 арыз жазсан деле эмне толк?.. балык башынан сасып жатса...
+9
almaz2880
2017-04-06 15:05:09
Атамбаевди теледен коргум келбей он уже бесит .Кетсе болот эле элдин жинине тийбей
0
dina1983-19
2017-04-06 15:19:51
Арыз жазган менен жыйынтык чыкпасын билгенго. Түздөн түз бийликтин иши бул. Эми Эрнисти да жеп тынат окшойсуңар.
+4
Isken.der
2017-04-06 15:36:31
Арыз жазган жок, доосу жок экен деп сүйүнбөй, бизден пайда чыкпайт экен десеңер жарашмак
0
Djal1987
2017-04-06 16:29:29
Isken.der,бизге эч ким ишенбей калыптыр деп айтпаптыр ээ?
0
bekov01
2017-04-06 15:36:48
Уялыш керек ел ишенген кызматта апендинин созун суйлоп отургандан. Кечее куну еле жапаровду мыйзам боюнча ушундай деп арыз доосу жок еле камап салдынар. Озунорго келгенде емне мыйзам бат еле озгоруп кеттиби
0
cholpon119966
2017-04-06 15:45:13
Туура, арыз жазгандан пайда жок, же уй булосу менен коркутса рисковать эте албагандыр же жигитчиликте болуп турат дегендир бироолор айтмакчы:):):)
+1
tatynam_88
2017-04-06 15:46:18
Атамбаев ХХХ болуп алды.тусун корсон жийиркеничтуу болуп.
+1
bond02
2017-04-06 16:24:10
Арыз жазуудан баш тартты эмес, арыз жазуудан баш тарттырды десе болмок экен.
0
Dilnaz.kiko
2017-04-06 16:24:30
Арыз жаза не болот, кайра озун камабагыла Ашанын ХХХ
-1
admin_portal
2017-04-06 16:26:43
Dilnaz.kiko, tatynam_88, этика нормаларын сактаңыздар!
+1
nemo2016
2017-04-06 16:32:55
арыз жазса эле карайт беленер балык башынан сасып жатса
+2
sabyr86
2017-04-06 17:29:34
Бул Эрнистин эле калпы,эптеп бийликти элге жамандаш үчүн ойлоп чыгарган.
+3
azamat1978
2017-04-06 17:31:16
Атанбаев уйат уйал анча кыйын болсон чек араны кара озбектер канчалаган жерди элееп жатат.
-3
Makain
2017-04-06 18:04:30
Эрнистин шоу программасы чын эле ошондой болсо жазмакта
+2
HAKER-KG
2017-04-06 18:13:44
Президент уже тойдук сизде, эл катары онуккон мамилекет болууну каалайбыз сиз уялбасаныз биз уялып буттукко эмнеге кундон кунго байлыкка мас болуп козунуз май басып баратат байлыкты бийликти берген Алла алам десе бир саатта алып коёт кеч боло электе тообо кылып баарын ондонуз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан