Бишкекте БТР менен БМВ үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы бүгүн эртең менен Түштүк магистралы жана Бах көчөсүнүн кесилишинде болгон.
"Кырсык болгон жерге биздин кызматкерлер барган учурда БТР менен БМВны Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын автоинспекциясы алып кетишкен экен. Мыйзамга ылайык, аскердик унаа катышкан жол кырсыктарын аскердик автоинспекциясы иликтейт. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес", - дейт Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.