Майлуу-Суу шаарында жер көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 5-апрель күнү саат 17:00 чамасында Сары-Бээ айыл аймагындагы көзөмөлдө турган тилкеде болжол менен 175 миң метр куб жер сүрүлүп, Сары-Бээ суусуна 5 метр жетпей токтогон. Жер көчкүдөн 6 турак жайга жана 2 мал сарайга кооптуу абал жаралган.
"Тактоо иштеринин негизинде кооптуу жерде турган 6 турак үйдүн жашоочулары өздөрүнүн туугандарыныкына көчүрүлгөн. 16 үй-бүлө көчкү сүрүлгөн аймактан 20 метр үстүндө жайгашкан. Жөө адамдар каттоочу жол менен шаарга катташууда. Жер көчкү сүрүлгөн жолдон өтүүгө тыюу салынып, айыл аймак тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.