Чек ара кызматы: "Согменттеги Өзбек чек арачысы такталбаган тилкеде турган"

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районунун Согмент айылында видеого түшүп калган Өзбек чек арачысы боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө Өзбек чек арачысынын такталбаган тилкеде турганы айтылат.

"Айыл тургуну фейсбуктагы баракчасына тиркеген видео үстүбүздөгү жылдын 27-мартында тартылган. Анда Өзбек чек арачысы такталбаган тилкеде турган. Ошол эле күнү Кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, мындан ары аталган жерде Кыргыз тарап дагы, Өзбек тарап дагы чек араны кайтарбоо чечимине келишкен. Учурда ал жакта абал туруктуу, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Эки тараптуу келишимдерге ылайык, аталган жолдон эки өлкөнүн жарандары өтүүгө болот. Бирок аскер кызматкерлери өздөрүнүн өлкөсүнө тиешелүү турак жайларды аралап чек арасын кайтарыш керек.

Буга чейин Согмент айылынын тургуну Шумкарбек Акматали уулу фейсбуктагы баракчасына Өзбек чек арачысы тууралуу видео тиркеп, анын Кыргыз Республикасынын аймагына кирип кеткенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
scorp
2017-04-06 16:52:28
Озбекстанда Орусияда тойгозду, мекенибизди коркогула бийликтегилер, эгер коргобосонор силерге наалат, ХХХ болуп калгыла(((
+2
panda7
2017-04-06 16:53:31
Кандай такталбаган аймак ХХХ,мындай болсо кыз келиндерди кылып кирип кетсе таппайсын го. Кана солдаттар КР
+6
admin_portal
2017-04-06 16:59:59
panda7, scorp, этика нормаларын сактаңыздар!
-1
dina1983-19
2017-04-06 16:55:53
Такталбаган деп жүрөбергиле
+4
nemo2016
2017-04-06 17:02:37
айланайын кыргызым кыздар качанга чейин кор болобуз бириге турган кун келди эртен жаш муундар эмнени калтырабыз биздин ата бабыз жерлерди алдырып жиберишкен дейби патриот жигиттерибизди коргой албай кой терисин жабынган баатырлар кырып жок кылышты эми садыр жапаров эле калды ойлонойлучу келечекти россияда тентип тажадыкго
+2
BekAmir
2017-04-06 17:07:03
Такталбагандан башка соз билесинерби озу?.. уятынар намысынар жок экен
+5
sultan89
2017-04-07 17:16:17
BekAmir,туура айтасын мне еле болсо
такталбаган деп жооп бересинер
силердин енн еле оной кутулчу шылтагынар
0
raykray
2017-04-06 17:07:47
кудайданда коркпой суйлоп коет кантип текшере калды чындап такталбаган жер болсо?! ошентип отурса алар тактап дагы 2метр бизге кирип алат!
+4
bekov01
2017-04-06 17:19:04
Озбектер кыргыздын жерине кирип келип жатышат бийликтегилер коркконунан такталбаган аймак деп жердин барын берип келе жатышат минтип отурсак олкобуз жок болуп кетет. Бизге мындай коркок еки жуздуу башчынын кереги жок. Жерлерибизди кайтарып ала турган башчы керек
+1
sabyr86
2017-04-06 17:26:18
Кандай эле такталбаган,120 депутат эмне кылып отурат тактабай.
0
bekov01
2017-04-06 17:27:51
Куудулдардын 120 кой дегенине кошулбайм. Булар пайдасы жок елдин жыйнаган егинин талап жеген 120 ХХХ. Егер кыргыз ели ушул ордуна 120 кой бакса 25 жылдан бери койлор толдоп кобойуп кыргыз байып кетмек
+1
admin_portal
2017-04-06 17:36:46
bekov01, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
daak9191
2017-04-06 17:43:52
Эртерек барып тактап койгула эми эртен да такталбаган жер болчу деп ак уйдон да айрылып калбагыла
+3
temirov76
2017-04-06 20:04:20
20жылдан бери түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келе жатат,менимче мындан ары да жүргүзүлө берет окшойт.
0
KGstan1981
2017-04-06 21:03:28
Садыр Жапаровту ж-а Омурбек Текебаевти жуз догон милиция кызматкерлери кармап ккетишти ошолорду жонотуш керек границага.
0
Uson13
2017-04-06 22:24:15
Силерге дайым такталбаган болуп чыга келет
+1
Kira200387
2017-04-07 18:57:07
Такталбаса оознарды ачпай тактабасынарбы. Намысы жок эшке экенсинго.
0
Kira200387
2017-04-07 19:00:46
Ким такталбады деген эркулга мин наалат намысын жокбу чек ара кайтарбай эле койда. Силерге карганда бир ит алып барып байлап койсок киргизбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан