Бишкек шаардык соту "Азаттык" радиосу менен Zanoza.kg сайтынын банктагы эсептерин камакта калтырды

Бүгүн, 6-апрель күнү Бишкек шаардык соту "Азаттык" радиосу жана Zanoza.kg сайтына карата доо арыз боюнча Ленин райондук сотунун аныктамасын күчүндө калтырды.

Айта кетсек, Башкы прокурор Индира Жолдубаева "өлкө башчысынын кадыр-баркына шек келтирген, такталбаган маалымат жарыяланган" деген негиз менен сотко кайрылып, "Азаттык" радиосу 10 миллион сом жана Zanoza.kg сайтына 3 миллион сом доо койгон. Ошондой эле аталган басылмалардын банктагы эсептерин камакка алууну суранган. Ленин райондук соту доо арызды 14-мартта карап, "Азаттык" радиосу менен Zanoza.kg сайтынын банктагы эсептерин камакка алуу боюнча аныктама чыгарган. Ал эми аталган эки басылма райондук соттун аныктамасын жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kechirmeni
2017-04-06 17:52:20
Самолеттогу жуктун акчасын чыгара албай жатат окшойт бирөөлөр
+7
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-06 17:56:18
Доого жыкканда эле дароо миллиондон сүйлөшөт...А эгер элдин доосу болгондо унутта калмак эле..Бул Индира ишеничттүү иш алып барып жатканына караганда, өзүнүн келечеги тоңгуюкта экенине анча маани бербей жатат же бир нерсеге ишеничттүү үмүтү бар..
+5
mir777
2017-04-06 17:59:00
ар бир кылган ишинер озунорго "муш" болот буйруса
+5
taku1414
2017-04-06 18:29:19
соттор, прокуратура жооп берчу убакыт келет.
+5
nuke1988
2017-04-06 18:55:23
Бир келип кылган ишинерге жооп бере албай каласынар Анан аттин деп сомойунду тиштегенде азыркы жардам берип аткан бийлигин да жардам бере албай калат ошондо кеч болот.
+2
anyshka
2017-04-06 19:33:41
Фараон болуп кеттиго бу эко. Каалаганына жашоо берип каалабаганын турмого отургузуп. Бийлик учун акча кызмат учун адамдык сапаттан кетсе болот экенда э. Индира эжеке балким уй булолуу балалуу чакалуу болгондо тушуноор. Канча кишинин балдарын ыйлаганын.
+3
nur_zhoni
2017-04-06 21:22:14
Текебаев же Жапаров бийлике келсин бул сотторду СИЗОдо коробуз буйурса
+2
bolotbeck1983
2017-04-06 21:29:09
Ырас эле кылыптыр. Бул радио кызматтарын такыр эле жоюп жоготуш керек. Тээ 1916-жылдан кийинки англичандардын шпиондук маалымат каражаттары( "Азаттык" радиосу). Ушуну түшүнбөй эле кайран эл ойду-тоону сүйлөйүңөр.
-4
tynara81
2017-04-07 13:51:45
Атамбаевдин доо арызы боюнча банктагы эсептери камакка алынгандан кийин, ал бийликте турганда Кыргызстандагы бир да сот бул чечимди өзгөртпөйт да. Башкача чечимди күтпөй деле койсо болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан