Чүйдө таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алгандар кармалды

Чүйдө таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алгандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда окуя 5-апрель күнү саат 11:45 чамасында Москва районунун Крупская айылында болгон. Анда таксист болуп иштеген жаранга белгисиз эки адам келип, аталган айылдагы көчөлөрдүн бирине жеткирип коюшун суранышкан. Жолдо бараткан учурда эки адам таксистке бычак такап, Тойота Виш үлгүсүндөгү унаасын айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Кийин алардын жол кырсыгына кабылышканы белгилүү болгон. Бул кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Ч.У. жана 45 жаштагы О.Р. кармалды. Аларга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2017-04-07 08:12:32
Арам тамактарын жазасы турмо!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан