Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 7-апрелде бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Актёр 1933-жылы 10-октябрда Суусамыр айылдык округундагы Кожомкул айылында төрөлгөн. Акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган.
Бакирдин Алиев кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле театрда жүздөн ашуун роль жараткан. Жубайы, актриса Кеңеш Курманалиева менен 3 уул жана бир кыздуу болушкан.
7-апрелге карата жылнаама.