Индия Пакистан менен 2021-жылы кабыл алган келишимин жокко чыгарышы мүмкүн. Себеби

Индия Пакистан менен ок атышпоо келишимин жокко чыгарышы мүмкүн. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Индия өз чек араларынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга толук укуктуу. Пахалгамдагы акыркы террордук чабуул Исламабаддагы террордук аймакты жок кылууга жетелей тургандыгы кошумчаланган.

Кошумчалангандай, Индия менен Пакистандын ортосундагы ок атышпоо келишими 2021-жылдын 25-февралына караган түнү күчүнө кирген. Анда эки тарап тең "чек ара бекеттеринде түз байланыштын жана жолугушуулардын учурдагы механизмдери күтүлбөгөн кырдаалды же түшүнбөстүктү жөнгө салуу үчүн колдонулат" деп билдиришкен.

Айта кетсек, 22-апрелде Индиянын туристтик Пахалгам шаарында куралчан адамдар чабуул жасап, кеминде 26 адам каза болгону кабарланган. Бул аймак Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашкан жана Индия тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул арада эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү бир нече расмий кадамдарга барган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан