Токмоктогу тойдо "обужоктонгон" айдоочулар 105 миң сомго айыпка жыгылды (видео)

Чүй облусунун Токмок шаарында үйлөнүү үлпөт кортежине жол эрежелерин бузгандыгы жана автоээнбаштык жасагандыгы үчүн бир нече айдоочуларга 105 миң сом айып салынды. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди
Маалымдалгандай, кортеждеги айдоочулар жол эрежелерин одоно бузуп, каршы тилкеге чыгып, кооптуу манёврлерди жасашкан. Бул менен алар башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.
Кошумчалангандай, мыйзам бузган айдоочулардын өздүктөрү тез арада аныкталып, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү жана 188-беренесинин 5-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 105 миң сом айып салынды.
24.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан