Бишкекте "тамашоучуну" сабаган" деген шек менен 8 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда окуя 5-апрель күнү кечинде Бишкектеги №3-балдар ооруканасында болгон.
"Алымбек Адылбеков ооруканада кезек күтүп турган учурда ага белгисиз адам келип, жаман сөздөрдү айткан. Анан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, белгисиз адам Адылбековду бетке уруп жиберген. Кийин шектүү 10го жакын бала ээрчитип келип, "тамашоучуну" жана анын тууганын сабап салышкан. Бул боюнча жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде 17 жаштагы 8 бала кармалып, ата-энелеринин жоопкерчилиги алдында үйлөрүнө коё берилди. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.
Буга чейин "тамашоучу" Алымбек Адылбеков SUPER.KG порталына кайрылып, аны белгисиз балдар сабап кеткенин, шектүүлөрдүн тааныштары күчтүү экенин айткан.