Бишкекте балдар ойногон аянтчадан граната табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар ойногон аянтчадан граната табылганы тууралуу маалымат 102ге саат 16:40 чамасында келип түшкөн. Ал жерге кызматкерлер барышып, курчоого алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, табылган граната РГД-5 үлгүсүндө экендиги жана окууга ылайыкталганы аныкталган.
Азыркы тапта ал боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.