Стокгольмдо айдоочу жүк ташуучу унаасы менен соода борборлорунун бирине сүзүп кирип, адамдарды тебелетип кетти

Бүгүн, 7-апрель күнү түштөн кийин Швециянын борбору Стокгольмдо айдоочу жүк ташуучу унаасы менен "Ahlens Mall" соода борборуна сүзүп кирип, адамдарды тебелетип кеткен. Чет элдик маалымат каражаттары, кеминде 5 адамдын каза болгонун жазышууда. Өлкө бийлиги окуяны "террордук акт" деп мүнөздөөдө.

Айрым маалыматтарга караганда унаанын ичинде эки адам болгон. Алардын бири полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал эми жүк ташуучу унаа сыра чыгарган Spendrups компаниясына таандык экени аныкталды. Компания өкүлдөрү унааны белгисиз адам бүгүн эртең менен уурдап кеткенин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
UlukmanKalyev
2017-04-08 00:11:05
Терроризм деген эрмек болуп калды го э. Кыргызстанды Кудай сактасында.
+7
nemo2016
2017-04-08 01:03:36
биздин бийликтердин созу модага айланганго чамасы бир нерсе болсо бакиев кылды деп чыга калат эле буларда терроризм
+1
erkeleim
2017-04-08 03:45:39
Тообо кылдым кудай сактайгор дагы кыргызстандын паспортун алган схххт болуп чыкпасын
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан