Чүй облусунда изделип жаткан 14 жана 11 жаштагы балдар Бишкектен табылды

Чүй облусунда изделип жаткан 14 жана 11 жаштагы балдар Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда эки бала 7-апрель күнү кечинде Бишкектен табылган. Азыркы тапта алардын эмне себептен үйдөн качып кетишкени жана 5 күн кайда түнөшкөнү такталууда.

Айта кетсек, 4-апрель күнү милиция кызматкерлерине Москва районундагы Беловодское айылынын тургуну кайрылып, 2003-жылы туулган Куттубек уулу Ислам аттуу баласы жана сиңдисинин баласы 2006-жылы туулган Байболот Мырзабаевдин дайынсыз экенин айткан.

Арыздануучунун айтымында, 14 жаштагы баласы жана 11 жаштагы тууганы 2-апрель күнү саат 23:00 чамасында Беловодское айылындагы үйдөн чыгып кетишкен боюнча, кайра кайтып келишкен эмес.

Алар таенеси менен бирге турушчу. Биринин апасы Орусияда, экинчисиники Бишкекте иштечү.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
faysala
2017-04-08 17:32:16
Тообо баладан башкача балээлер го
-13
Leilek-razzakov
2017-04-08 18:50:52
Жакшы аман эсен табылыптыр.
+11
Benazir08
2017-04-08 19:03:32
Жакшы гоо табылыптыр. Илгери чоң эне таенебиздикинде жүргөндө...таенелерибиз өлүңгөрөйүн уругу жинди деп урушчуле. Сөзун угуп коюп ишин кылып жүрчүлек. Азыркы неберелерди урушсаң кайра норм жооп берир коет эсиңди оодарып. Заманга жараша баары өзгөрдү илгеркиндей татыктуу тарбия берген эчким жооок
+6
mira28
2017-04-08 20:18:32
Benazir08,уругу жиндининизге ха ха .Оа биз таарынышты билбеген экенбиз.Проблема башкада болуп жатат.Биз таэнебиздин уйундо убактылуу каникулда барчубуз.А бул балдарды ата энеси канча жашынан таштап канча жашынан алышы белгисиз болуп жатпайбы.Коп эле ата энелер 3 4 жашынан таштап качан ишке жарап акча тапканда жанына алып калды азыр.Мумкун апасын издеп чыккандыр бул балдарда.Мамлекетте иш жок деп балдарды да кыйнап жатышат.
+7
Seryi-Kardinal
2017-04-08 19:30:09
Апасына келишсе керек да,анан таппай калып адашып кетишкен
+7
Sagyn.91
2017-04-08 19:30:56
Акыркы убакта эч себепсиз жоголуп, арадан 1 жума откондон кийин табылып, ушуга окшогодор мода болтат!
Ал Эми жогорудагы балдарды 23:00 карабай кайда журду экен таенеси! Кызык!
-6
Lion.
2017-04-08 20:00:47
Sagyn.91, мода болтабы же болуп атабы?)
-5
Jarookerjan
2017-04-08 23:04:07
Иий мойтойгондор аман эсен табылганынарга Аллахга шугур. Ата эне,таэне,туугандарынарды кандай кыжаалат кылып кыйнаганынарды азыр тушунбойсунор да.
Ар бир наристе,ар бир бала ата энесинин мээриминин астында эле чонойсо экен.
+2
Dilnaz.kiko
2017-04-08 23:30:22
Аман эсен табылыптыр балдар ушул учурда ата эне керекта апасына келгенго
+1
Azatbek83
2017-04-09 00:27:29
Жакшы аман-эсен табылыптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан