Бишкек-Торугарт унаа жолунда 3 автоунаа сүзүшүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы 8-апрель күнү саат 19:20 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымындагы айланма жолдо болгон. Анда 3 жеңил унаа сүзүшүп, натыйжада 2 унаа күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болуп, 4 адам Токмок шаардык ооруканага жеткирилген.