Орусиядагы поезд кырсыгынан 50гө жакын адам жабыркады

Орусиядагы поезд кырсыгынан 50гө жакын адам жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда кырсык кечээ, 8-апрель күнү кечинде болгон. Анда "Москва-Брест" багытында бара жаткан жүргүнчү ташыган поезд электр поездин сүзүп алган. Анын кесепетинен 50гө жакын адам медицина кызматкерлерине кайрылышып, анын 14ү ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалымат боюнча, машинист электр поездин шашылыш токтоткон. Анын артынан келе жаткан жүргүнчү ташыган поезд токтогонго үлгүрбөй сүзүп алган.

Жүргүнчү ташыган поезддин ичинде 455 адам болгон. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кырсыктан улам жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jass
2017-04-09 21:50:52
Кудай сакта эч ким олбоптурбу иши кылып
+4
akzuura
2017-04-09 22:02:09
Жанылык окуганданда коркуп калдым басып калды кочку журду жабыркады деген жанылыктардан башка жакшы соз болбой калдыго.тообо кылдым тынчылык эле болсунчу!
+7
Gsuita
2017-04-09 22:23:21
Питерде газ жарылып жабыркагандар жөнүндө маалымат бергилечи сураныч. Өлгөн Кыргыз жарандары бар экен. Бүгүн кечинде болуптур. Жанымдагы кыздын эжесинин баласы оор абалда ооруканада экен.
+6
upol92
2017-04-09 22:34:47
Кудай сактаптыр Буга даагы себепкер кылып бир чекесине Кыргыз Деп кысып коелу деп уялышкандыр! Мусулмандар жеп Эле жабышып калчуу Жаман нерсе болсо Эле . Башка нерсе болсо христянин экен Деп эч ким айтпайт,
+4
DNurgiza
2017-04-10 07:50:37
жаңылык деген жаңылык да жакшыбы, жаманбы жазуулары шарт...... Кудай сактаптыр да, ооруканадагылар эртерээк сакайып кетишсин.
+1
ilgis1991
2017-04-10 10:11:48
Кыргыз жараны куноолуу эмес бекен деги аа?
0
Begimay93
2017-04-10 12:20:29
ilgis1991,Ошону айтсаңыз, балээ бастыго кайсыл жерде кырсык жаман окуя болсо эле Кыргыздарды күнөөлөп. Эми жазда кар жаап койсо деле, Кыргыздар күнөөлү деп айтышсын.
0
Ananai
2017-04-11 10:56:18
Биздин чондорубуз жумуш маселесин которуп оз мекендештерибизди тентитпей оз жерибизде иштеткенге шарт тузушсо жакшы эле.Эми Кудай эле сактасын дегенден башка соз айта албайт экенбиз.Канчалаган жарандарыбыз нан табам деп коп жерде олуп кор болуп журушот.Кырсык болду дегенде эле журогум зырылдачу болду,анткени Менин да жакындарым Москвада кобу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан