Кечээ, 8-апрель күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда чыгышты көздөй бараткан БМВ үлгүсүндөгү унаа белгисиз себептер менен каршы тилкеге чыгып, Тойота Марк 2 унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң Мерседес унаасына урунган. Катуу соккуга кабылган Тойота Марк 2 унаасы ичиндеги 3 адам менен кошо күйүп кеткен. Ал эми БМВ унаасы бөлүктөргө бөлүнүп, чачырап кеткен. Ичиндеги эки адам ошол жерден каза болушкан. Ошондой эле Мерседес унаасындагы 3 аял жана 3 жаштагы бала денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгына кабылган унаалар катуу ылдамдыкта келе жатышкан.