Кара-Балтада 68 жаштагы аял түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан: бөлмөдө 6 чарчы метр таштанды күйгөн. "1949-жылы туулган аял түтүнгө ууланып, Кара-Балта шаарынын борбордук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген. Өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.