Норвегиянын Осло шаарында жардырууну даярдоо боюнча шектелип 17 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, кармалган жаран жарылуучу заттарды сактоо боюнча айыпталууда. "9-апрелге караган түнү норвегиялык полиция Ослонун борбордук бөлүгүндө жарылуучу түзүлүштү зыянсыздандырган. Бомба табылган жер курчоого алынып, айланасындагы ишканалар жабылган болчу. Сапёрлор бомбаны жардырышкан, жабыркагандар жок", - деп жазышат басылмалар.