Бишкекте жол кырсыгына кабылган медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы атайын сиренаны иштетип, ден соолугу оор абалдагы жаш баланы ооруканага алып бара жаткан. Бул тууралуу медиктер фейсбук аркылуу билдиришти.
Алардын айтымында, башка айдоочулар "Тез жардамдын" унаасын өткөрбөй жатышкан. "Киев менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде аталган унаа жүргүнчү ташуучу автобус менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында "Тез жардамдын" унаасындагы бала баланын баш мээси чайкалган, фельдшер башынан жабык жаракат алган жана буту сынган. Мындан тышкары баланын апасы да жаракат алган. Фельдшер менен баланын апасы Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилишкен, ал эми жаш бала Балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө", - дешти медиктер.
Айта кетсек, кечээ, 9-апрелде саат 16:00 чамасында Бишкекте Киев көчөсү менен Жаш гвардия бульварында "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылган.