Өзгөн районунун Ийри-Суу айылындагы жер көчкү ички чарбалык жолду жаап калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 8-апрель күнү саат 05:00 чамасында Жаңгакты айылынын Токто участкасында көлөмү 22 миң 400 метр куб жер көчкү түшкөн. Ал эми 9-апрель күнү эртең менен кайрадан экинчи ирет ошол эле жерден 650 миң метр куб жер көчкү түшүп, 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жолду жаап калган.
"Жер көчкү жүргөн аймака ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, барып абал менен таанышкан. Айылдагы 250 турак үйдө жашаган элге убактылуу айланма жол салуу үчүн Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган. Тазалоо иштери бүгүн башталды", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.