Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 10-апрелде Польшанын президенти Лех Качиньский түшкөн учак Орусиянын Смоленск шаарына конордо кулап түшүп, натыйжада президент менен чогуу анын аялы жана Польшанын саясий элитасынан 95 адам набыт болгон. Алар Смоленскиге поляк офицерлеринин атылып кетүүсүнө карата аза күтүү иш-чарасына бара жатышкан. Кырсыкка кабылган Ту-154 учагындагы адамдардын бири дагы аман калган эмес. Учак коноюн дегенде анын канаты даракка илинип, кыйроого учураган. Кырсык болор менен президенттин сөөгүн тааныш үчүн анын түгөйү (эгизи) Ярослав Смоленскиге учуп келген.
10-апрелге карата жылнаама.