Америкада бир жумадан бери дайынсыз болгон 20 жаштагы Кыргыз жаранын издөө иштери уланууда

Америкада бир жумадан бери дайынсыз болгон 20 жаштагы Кыргыз жаранын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу 10-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигине Нью-Йорк шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кайрылышкан. Алар 3-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Азиз Чиркеевди издөөгө көмөктөшүүнү айтышкан.

Белгилүү болгондой, 1997-жылы туулган А. Чиркеев 3-апрель күнү кечки саат 9дарда жумуштан чыгып, бирок үйүнө келген эмес. Телефону өчүк болуп, анын кайда экени белгисиз болууда.

"Кыргыз жаранынын жоголгону тууралуу маалымат АКШдагы басылмаларга жарыяланып, сүрөттөрү эл көп чогулган жерлерге жабыштырылды. Азырынча жыйынтык жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Yiman97
2017-04-10 12:54:06
Эсен аман табылып калсында
+11
Bekovich76
2017-04-10 13:03:44
Кудай озу колдоп уйуно кайтып келсин
+8
Alixan-Nookat.2015
2017-04-10 13:17:34
Аман эсен табылып калса экен.
+8
Parish
2017-04-10 15:21:08
Кудаа кааласа табылат.
+6
Ananai
2017-04-11 10:42:36
Кудайым сактап,ылайым аман эсен уйуно кайтып келсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан