2016-жылы 10-апрелде Индиянын Керала штатындагы Коллам аймагынын Паравур шаарында жайгашкан ибадатканада өрт чыгып, 111 адам каза таап, 300дөн ашык киши жаракаттарды алган. Өрт фейерверк шоусун уюштуруу үчүн алынган пиротехникалар сакталган жайдагы жарылуудан улам келип чыккан. Жыйынтыгында ибадаткана да кыйраган абалга келген.
4-апрелден 10-апрелге чейин Түштүк Индияда Бхадракали деген Кудайга арналган фестиваль өткөн. Бир жуманын ичинде ибадатканага 15 миңден ашуун зыяратчы келген. Бул майрамдын негизги бөлүгү болуп фейерверктерди атуу эсептелген. Таң эрте күйүп жаткан фейерверктердин бири ушундай заттын запасы сакталган курулуштун чатырынын үстүнө кулап, жарылып кеткен.
10-апрелге карата жылнаама.