Караколдогу №11-мектептен шектүү буюм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда бүгүн саат 10:00 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда №11-мектепте жасалма жардыруучу зат табылганы айтылган. Ал жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, мектеп курчоого алынган. Кароо учурунда кара пакет табылып, ичинде шектүү буюм болгон.
Азыркы тапта ал боюнча техникалык экспертиза дайындалып, ыкчам изилдөө иштери жүрүүдө.