2012-жылы Аида Салянова бараткан унааны токтоткону үчүн кызматтан кеткен инспекторго 48 айдын эмгек акысын төлөө боюнча соттун чечими чыкты

Үстүбүздөгү жылдын 23-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2012-жылы 7-августта мурдагы баш прокурор Аида Салянова бараткан унааны токтоткон инспектор Азамат Осмоновдун жазган арызы боюнча чечим чыгарды.

Доогердин арызында, мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын натыйжасында айлык алып үй-бүлөсүн баккан жумушунан айдалганын жазган. Ошондой эле ал моралдык зыяндын баасын 1 миллион сом деп баалаган.

"Ишти Биринчи Май райондук соту карап, доогердин укуктары бузулган деп тапкан. Мындан улам сот Финансы министрлигин Башкы прокуратурага бөлүнгөн акчадан доогерге 524 миң 880 сом төлөө чечимин чыгарган. Инспектор жумуштан бошогон учурда анын айлык маянасы 10 миң 935 сом болгон. Андан бери 48 ай жумушсуз жүргөн. Ал эми жетиштүү далилдин жоктугунан моралдык зыян үчүн 1 миллион сом төлөө өтүнүчү канааттандырылган эмес", - деп айтылат сот актысында.

Айта кетсек, 2012-жылы 7-августта Жол-патрулдук кызматынын кызматкерлери тарабынан терезелери караңгылатылган Лексус GX-470 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок айдоочу баш бербей, унааны айдап кете берген. Патрулдук милициянын кызматкерлери артынан кууп, курал такап токтотууга аргасыз болушкан. Кийин унаанын ичинде ошол учурдагы баш прокурор Аида Салянованын бар болгону белгилүү болгон. Ошол эле жылы инспектор Азамат Осмоновго "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын токтомунун негизинде Бишкек ШИИББинин Патрулдук-посттук кызматынын башчысынын буйругу менен кызматтан алынган. Бирок 2015-жылдын 14-майында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Осмоновго козголгон кылмыш ишинде, кылмыштын курамы жок деген негизде тергөөнү токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Oylonkyrgyzym
2017-04-10 18:20:01
Мырзакматовго Салянова кылмыш ишин козгогонбу, же Ош шаардык прокуратурабы билгендер айтып койгулачы?!
+7
Azatbek83
2017-04-10 20:27:17
Oylonkyrgyzym,Мультимилиёнер баарына куноолуу бардык приказды ошол берген!!!
+10
KyrgyzKagan
2017-04-11 02:00:06
Oylonkyrgyzym, Ош шаардык прокуратурасы козгогон. Шайлоого бир тизмеде баратып. Саляновадан журналисттер сураганда мен козгогон эмесмин деген.
0
Badu88
2017-04-10 18:30:19
Байкуш доогерге кыйын болуптур
0
Jelezo
2017-04-10 18:45:45
Мырзакматовго шаардык прокурор иш козгогон
+3
SansaNePredaiJohna
2017-04-10 18:58:23
Качан жазыптыр арызды. Кыргыздар только миллиондон соттошотко .
Саляновага кезинде мисс оф зе мисс
+3
nemo2016
2017-04-10 20:32:18
Садыр Жапаровтон башкасы таза эмес мен ошол инсанга добушумду берсем эгерде президенттиге талапкер болсо
+1
taalay25
2017-04-10 20:33:25
Огоо спектакл саясат
-5
Best.bakyt
2017-04-10 20:34:55
Кызматка отурса эле ошентип кенкейип Кудайды тааныбай калышат тура. Токтотпой отуп кетип кайра кызматтан албай эле токтоп жооп берип отсо бир жери кемийт беле. Кызматтан тушкондон бери деле элдин койгойун айтымыш болуп элдик киши болуп журот го Салянова айым.
+15
Gena1
2017-04-11 08:57:46
Best.bakyt, Мен да кошулам. Созсуз токтобой отуп, анан инспекторду иштен алуусу керек беле?.. Андан коро тоскон учурда эле сылык-сыпаа тушундуруп койсо болмок. Салянова озу эле терезени тушуруп, мен башкы прокурормун деп озун тааныштырса болмок да качып кете бербей. Алардын милдети да кууп, токтобосо курал колдонуу. Балким ичинде бироону уурдап же ж.б.у.с. иш менен бараткандыр. Анан токтобой койгонду кууп барса эле жумушунан кетсе ким жол тартибин козомолдоп иштегиси келет?
+2
BarsBaatyr
2017-04-10 21:51:27
Мадумаровду колдогула.Ал шайланса ушуга окшогон тартипсиздик жоюлат.
-12
R_u_S
2017-04-10 23:18:43
48 ай жумушсуз жүргөн дейт, азыр 1 ай иштебесең ачка каласын булар кандай түшүнбөдүм.
+5
evra_kg
2017-04-10 23:21:19
баарына мыйзам бирдейда
ал кишининда эмгекги кеткенда
гаи болуш учун кызматынан албай эле койбойбу же машынасына салянова деп жазып койбойбу
+6
erkeleim
2017-04-11 03:20:09
evra_kg,машинасына жазып койбойбу))))чын эле
0
azamat1978
2017-04-10 23:37:00
Акаев жаман Бакиев жаман болду эле Атанбаев алардан ашып тушту бийликтегилерде деги бычака сап богудай жигит калбаган окшойт
+2
azamat1978
2017-04-10 23:38:26
Байагы байагы болуп калды баары прездент баш болуп
-6
Badu88
2017-04-11 00:02:02
Атамбаевдин кандай күнөөсү бар базарда эки катын урушса да Атамбаевди күнөөлогуло эми
+2
bonbonita
2017-04-11 08:49:42
оппозицияга болгон чабуул
-1
bonbonita
2017-04-11 08:53:11
2012-жылдан бери эми эстептирби каяктагы качанкы нерселерди козгойсунарда бул жагын эптей албай жатып.Ким куноолуу баягы эле атабызга жакпаган адамдар.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан