Швецияда адамдарды оор жүк ташуучу унаа менен сүздү делген Өзбекстандын жараны күнөөнү моюнуна алды

Швециянын борбору Стокгольмдо "адамдарды оор жүк ташуучу унаа менен сүздү" деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов күнөөнү моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, СИЗОдогу суракта Акилов өзүн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоокери катары тааныштырып, Стокгольмдогу терактты өзү жасаганын айтты. "Ал жасаган ишине ыраазы экенин белгилеп, көздөгөн максатына жеткенин билдирди. Акилов аны террордук актты жасоого сириялык жоокерлер буйрук беришкенин айтты. Мындан тышкары ал "Сириядагы бомбалоолор токтотулуш керек" деп кошумчалады", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 7-апрель күнү түштөн кийин Стокгольмдо айдоочу жүк ташуучу унаасы менен "Ahlens Mall" соода борборуна сүзүп кирип, адамдарды тебелетип кеткен. Анын кесепетинен 4 адам каза таап, 20га жакын адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jonne
2017-04-10 17:09:19
дуйно жузу Тынч болсо экен !!!!
+2
Tolkun96
2017-04-10 18:27:25
Подстава болсо керек. Азыр политикада терракт мода сыяктуу болуп калгандай. Жардыргысы келгендер жардырышат да терракт деп коюшат. Чын эле ушул кылса полностью доказать кылыш керек.
+5
evra_kg
2017-04-10 23:26:29
башына кирпич тушсода террак болуп калды го жакшылап изилдебейле
+2
admin_portal
2017-04-11 12:45:31
Nazikbaigazy, Nooruzmairam башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!


0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан