Москвада метродо пикир келишпестиктен улам тажик жаранын аткан деп шектелген адам кармалды

Москвадагы метродо травматикалык ок атуучу курал менен тажик жаранын аткан деп шектелип 58 жаштагы Сергей Царев кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда шектүү тажик жараны менен бир вагондо бара жатканда пикир келишпестик чыккан. Андан кийин ок атуучу курал менен башына атып жиберген. Жаракат алган жаран оор абалда ооруканага жаткырылган.

Айрым маалыматтарда шектүү мигранттарды вагондон чыгарууга аракеттенгени айтылып жатат. Кармалган адам сурак берүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Факты боюнча Тергөө комитети тарабынан "адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
BekAmir
2017-04-10 21:20:08
Фашист
+15
Begmat1992
2017-04-10 21:26:51
Башталды этият болгула мусульман бир туугандар
+20
Tansuluu09
2017-04-10 21:38:26
Апрель айы опасный деди эле чын окшойт
Этят болгула
+15
scorp
2017-04-10 22:05:37
xxx, немистер эмес орустар улутчул!!!
+8
toktor89
2017-04-10 22:06:27
Да,,, мен ресторандан тамак ташыймын. Оор абалдар болот кее бирде
+7
jigit1285
2017-04-10 22:41:36
Орустун нацистерине Жан кирди этият болгула кыргыз туугандар вагонду караап кыргыздар кооп вагонго киргиле жалгыздан журбогуло
+7
erlist
2017-04-11 00:09:36
Башталды абайлагыла деп эле качанкыга чейн эле ошонтип орустардан коркуп уркуп журолу азыр москванын жармы мигранттар корпогула уверенный жургуло алар жалгыз аран жургон дворнике эле кыйын болушат 2-3 кишиге жолой албайт любой жерден сдачасын бергиле
+10
KG.Kushtarbek
2017-04-11 00:43:25
Апрель келдида
0
Rozhulun
2017-04-11 00:55:23
Кыргыздар бир болойлу если чё урушта туруш жок карап турбайлы да...Аллах баарыбызга аманчылык,токчулук берсин деп тилейм.
+3
Asan123
2017-04-11 02:35:41
Россииянын эли ишсиз калды болуп жатат Мигрантар кобойуп кети москвада этият болгула бир шылтоо тапай жатканда
+6
Ananai
2017-04-11 10:21:59
Кыргыз мекендештерим сак болгула.Тем более апрель айы Москвада скинхеддердин айы болот.Алар любоюн козго жаман корунсо олтуруп кетишет.Этият болгула.
0
Nur1k
2017-04-11 11:06:21
Кана орустарды улуу эл. Путин кучтуу, Россия держава дегендер корунбойтго? Ошоентип атканда мээнерге атса экен орус рассисттер ошондо коросунор орустар кандай экен. Орустун зомбилери
-2
solntse95
2017-04-11 14:08:23
Качанкыга чейин коркуп журот экенбиз,куйоом жумуштан келгиче коркуп отурам аман-эсен келсе экен деп...
0
admin_portal
2017-04-11 14:20:25
baltabai,башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан