Жети-Өгүздө мас абалында уруша кетип, 56 жаштагы айылдашын өлтүргөн деген шек менен жаш кыз кармалды

Жети-Өгүздө мас абалында уруша кетип, 56 жаштагы айылдашын өлтүргөн деген шек менен жаш кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 10-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда 9-апрель күнү саат 16:45тер чамасында белгисиз адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмыш Кызыл-Суу айылынын тургуну 1961-жылы туулган М.Д.га тиешелүү үйдө болгонун аныкташкан. Ал жерде алкоголдук ичимдиктердин идиштери табылган.

Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 26 жаштагы Б.А. аттуу кыз кармалып, тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча мас абалда уруша кеткенде шектүү маркумду өлтүрүп алган. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nejninka
2017-04-11 08:20:20
Кудай сактасын
+4
Bilal2014
2017-04-11 08:21:55
Дагы ичкиле жан талашып!
+5
baltabai
2017-04-11 08:56:35
Kudai
Saktasyn
+2
baltabai
2017-04-11 08:58:13
Baltabai
Baltabai
-2
madina.87
2017-04-11 09:04:57
Жаш кыз озунон 30жаш чон атасындай эркек менен арак ичсе демек жакшы кыз эмес!
Арак жакшылыкка алып барбайт!
+7
Kroxa
2017-04-11 09:47:07
Кыз чогуу ичкени жазылбаптыр балким тиги кишиден сактанам деп олтуруп алгандыр ал мас оюу бузулса керек...
+5
kechirmeni
2017-04-11 10:12:29
Эрте жыйынтык чыгаруу туура эмес абдан тактоо керек. Окуя 180 градуста башкача болушу мумкун. кокусунан олтуруп алса мыкаачылык менен олтурулбосо керек жана бейкуноо адам куноолуу болуп калбаш керек. Бирок арак ичишкени мас абалда болушканы жакшы эмес. Арак ичишпегенде мындай болбойт беле? Бекеринен "Арак-куноолордун энеси" деп айтылбаса керек жана бекеринен Аллах жана пайгамбарыбыз (САВ) бизди арактан тыйбаса керек. Келгиле атын очкур аракты ичпей эле коелучу. Эгер ичсек мындай коруну
+2
kechirmeni
2017-04-11 10:13:15
kechirmeni, Эгер ичсек мындай корунуш бизде да кайталанышы толук мумкун туугандар
+2
ozgeldi
2017-04-11 10:16:37
Кыздардан коркуп деле калдым
-3
Makain
2017-04-11 11:12:06
Движение кылса керек жаш кызга
+2
ayjan_90
2017-04-12 02:26:39
Жаш кыз десе 16 же 17 деги кыз окшойт депмин 26 жашта болсо ооохоо чон эле келинго кочодо жургон сойкудур балким
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан