Бүгүн, 11-апрель күнү эртең менен Бишкектеги Жумабек жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Күбөнүн SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, Мерседес жана Хонда үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.
"Мерседес Жумабек көчөсү менен чыгышты карай, ал эми Хонда Шопоков көчөсү менен түштүктү карай кетип бараткан экен. Мерседестин айдоочусу, 30-35 жаштагы аял башынан жеңил жаракат алды. Негизи ушул кесилиште көп жол кырсыгы болот. Менимче, жол чырак коюш керек. Себеби көпчүлүк айдоочу эки көчөсүнүн кайсынысы негизги жол экенин биле беришпейт. Бул жерде Шопоков көчөсү негизги", - дейт кырсыктын күбөсү.