Мындан 16 жыл мурун, 2001-жылы 11-апрелде Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарындагы "Эллис Парк" стадионунда "Орландо Пайретс" жана "Кайзер Чифс" командаларынын ортосундагы футболдук беттеште тыгын жаралып, натыйжада 43 адам көз жумган. Андан сырткары 99 киши оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 70 миң көрүүчүгө эсептелип салынган стадионго ошол күнү 120 миң адам топтолуп, тыгын жаралган.
Кызыгы, бул окуя болгондон 10 жыл мурун дагы ошол клубдун командаларынын беттеши учурунда тыгын жаралып, 40тан ашуун киши каза тапкан.