Экс-прокурор Канжар Кадыралиевдин үстүнөн алдамчылык боюнча дагы бир арыз түштү. Жабырлануучу Лола Маткаликова президент Алмазбек Атамбаевден акыйкат чечим чыгарып берүүсүн суранды.
"2010-жылы уруштар башталып кеткенде, жылкыларыбызды бага албай калдык. Канжар Кадыралиев "менин чөбүм бар, багып берем" деди. Биз каякка алып барышыбызды билбей, Канжарга ишенип макул дедик. 22 айгырыбыз менен 2 топозду келип алып кетти. Кийин Канжар дагы келип, 11 миң долларлык ат менен "Тико" унаасын алып кеткен. Биз кийин барып бер десек, "ушул жерде эле багып берем" деди. Күйөөм экөөбүз көп жолу кайрылдык, бербей жүрдү. Өзү Ошто жашайт экен. Бизди "ал жакка бар, бул жакка бар" деп жүрдү. "Биз кыйналдык" деп акча сурасак бербей койгондон кийин, мен президентке, Жогорку Кеңешке, премьер-министрге кат жаздым. Колубуздан эч нерсе келбей калгандыктан аларга кайрылдык. Президенттен акыйкат чечим чыгарып беришин суранабыз", - дейт Маткаликова.
Айта кетсек, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеп турган Канжар Кадыралиевге бир канча жаран арызданып, кийин ага карата Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.