Президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин күзөтчүлөрү СИЗОго отургузулду

Президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин күзөтчүлөрү СИЗОго камалышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, 15-февралдагы окуя боюнча учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, 15-февраль түнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Медеров жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус 570 жана Субурбан үлгүсүндөгү эки унаа токтотулган. Алардын биринин ичинде Эркин Мамбеталиев да болгон. Айдоочуда эч кандай документтер болгон эмес, ошондой эле унаадан ок атуучу курал табылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң унаанын ичиндегилер кайра коё берилген.

Буга чейин Эркин Мамбеталиев "адам өлтүрүүгө" айыпталып, сот жообуна тартылган. Кийин эркиндикке чыгып кеткен. Ошондой эле анын аты "Вечерний Бишкек" жана Ысык-Көлдөгү пансионаттарга байланыштуу айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2017-04-11 14:54:19
ozu jan sak4y bolup turup ozuno da jan sak4y jaldap alyppy, jirnyi iwtegen okwoit ubagynda
+10
Mers124
2017-04-11 15:58:05
Атамбаевдин жан сакчысы жан сакчы жалдап, шоопуру шоопур шалдап укмуш болду го.
+13
Adil706070
2017-04-11 16:03:57
Эмнеси болсо да СИЗО го деп Садыр Жапаровду сындыруунун айласын издеп атайын даярдалган иш болуп журбосо эле болду.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан