Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелген Жалилов терактка чейин Түркиядан депортацияланган

Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелген Акбаржон Жалилов аталган терактка чейин Түркиядан депортацияланган болчу. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Жалилов Түркияга 2015-жылы барган. Кийин ал "кара тизмеге" киргизилип, Түркияда бир нече убакыт мыйзамсыз жүргөн. "2016-жылдын декабрь айында ал бул өлкөдөн Анталия аркылуу кетейин дегенде, анын өлкөдө жүрүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кармалган. Ага айып пул төлөө, же болбосо депортациялоо менен 5 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салуу сунушталган. Жалилов экинчи вариантты тандаган. Азырынча Жалиловдун Сирияга барган-барбаганы аныктала элек", - деп жазышат басылмалар..

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 14 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bom.bon
2017-04-11 15:05:45
Бизде башка олконун адамы,Кыргыз жаранын алып кылмыш кылса,Кыргыз республикасынын жараны деп эле жазасынарго,кайда торолгонун айтпайле
+3
Benazir08
2017-04-11 15:11:09
Кыргыз өлкөсундө иөрөлгон деп жок дегенде силер суп инфо озубуздукусунор го жон эле жазгылачы....?
+7
admin_portal
2017-04-11 15:26:08
guimira12345 этика нормаларына туура келбеген, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынган!Эскертүү!
-3
Kanatbek81
2017-04-12 02:09:58
22 жаштагы жигит супер агент болуп кеттиго.Барбаган кылбаган эч нерсеси калбаптыр.Кыныры иш кырк жылда билинет дегендей али следствия буто элэк бир нерсе деш кыйынго, эмнеси болгон учурда да мунун артында бир нерсе бар.
+1
argen.kg4
2017-04-12 02:55:30
Мен подстава дегенге деле ишенип калдым.Себеби жардыруудан кийин анын телефонуна чалышканда чочулаган бироо жооп берген.Кийин очук болуп калган.Жалиловду кийин олтуруп башын денесинен ажыратып салышкан деп да журот интернетте.
+1
admin_portal
2017-04-12 11:39:07
jaz-aiym,провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.Эскертүү!
0
admin_portal
2017-04-12 11:43:42
ulmira12345,администраторго же модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө жазсаңыз болот.
0
admin_portal
2017-04-12 11:45:53
gulmira12345, этика нормаларын сактаңыз!Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан