Майлуу-Суу шаарында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү 11-апрель күнү саат 12:00 чамасында Сары-Бээ айыл аймагынын Көйгөй айылында жүргөн. Анын көлөмү 6 миң метр кубду түзүп, 10 турак үйгө 150 метр жетпей токтогон.
"11-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде 10 турак үйдүн жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.