Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери чоң көлөмдөгү параны алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, миграциялык маалымкатты алуу жана Кыргыз Республикасынын визасын чет өлкөлүк жарандарга тапшыруу маселелерин чечүү үчүн Миграция кызматынын Т.Э. аттуу кызматкери 2 миң доллар пара талап кылып жатат деп айыпталган. Буга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Каржы полициясы аталган кызматкерди пара алып жаткан жеринен кармады.
Учурда тергөө иштери уланууда.