Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинде тоо теги урап, бир адамды басып калды

Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинде бир адам каза болду. Маалыматка караганда окуя 9-апрель күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда тазалоочу бөлүктө тоо теги урап, 40 жаштагы жумушчуну басып калган. Учурда ал жакка Талас облусу менен гана баруу мүмкүн болгондуктан ишти Кара-Буура районунун милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, кырсык боюнча толук маалымат беришкен жок.

Айта кетсек, алтын кен Жалал-Абад облусу менен Талас облусу чектешкен аймакта жайгашкан. Ал жакта кен казуу иштерин Vertex Gold ишканасы жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2017-04-12 10:48:02
Абалы Жакшы БЫ
Экен
0
panda7
2017-04-12 11:35:15
Тынч жаткан тоолордун борун чукуп,
Кытайлар келет дайым ичип жутуп.
Тыйын берип терип кетти алтындарды,
Кулмунсуроп козубузго карап туруп.

0
Tiguuchu
2017-04-12 13:46:02
Олуп калыптыр,жапжаш жигит.4 баласы калды артында.
0
Dima85z
2017-04-12 15:23:12
Бул фирмада мен иштегем мен билгенден биринчи болгон корунуш эмес дайыма кайталанат талапка жооп бербейт эптен алтынды алып кетсе болду,шарт жок адамдардын коопсуздугу биринчи орунда болуш керек кайран кыргыз элим кор болду . Кичине акча берип жерими талкалаганы аз келгенсип жаш балдарды жетим калтырды,акыйкат жок чаткал тоолору талкаланды аз кундо элдерда качат булганган тоолордон таасири созсуз болот, экологияны айтпайын элди алдап келечек муунга эмне калат алардын келечегин элестете албайсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан