"Кумтөр" кенинде жумушчу оор жүк ташуучу унаанын алдында калып, каза болду

"Кумтөр" кенинде жумушчу оор жүк ташуучу унаанын алдында калып, каза болду. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдулдаевдин айтымына караганда, окуя 11-апрель күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда 29 жаштагы Улан Байтиков аттуу автомеханик оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүнүн алдында калып калган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан.

Азыркы тапта кырсык боюнча комиссия түзүлүп, келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
panda7
2017-04-12 14:58:58
Бүгүн только кен казган жерлерде кырсык болуп калды го.Жер да чыдабай калды окшойт
+9
Adiletto
2017-04-12 15:26:47
Обычно кылмыш иши козголчу.
Кана абдил семизбаев эми не кыласын
+10
dina1983-19
2017-04-12 15:13:47
Компенсация төлөп берсин "Кумтөр" каза болгон адамга. Каза болгон жаткан жери жаннаттан болсун.
+5
frunze14
2017-04-12 15:37:27
dina1983-19, компенсация толоп берет озубуздун байлыгыбыздын бир чымчымын, болду, ошону менен тема жабык как всегда. Кумтор Акаев убагында да, кийин Бакиев, учурда Атамбаев убагында да Кыргызстан ичинде озунчо мамлекет эч кимге баш ийбеген. Бийлик озунун "долясын" алып "крышовать" этип отурат Центерраны, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай. Кумтордогу чындыкты чыркыраган Садыр Жапаров турмодо отурат жок шылтоо менен.... Мына сага учурдагы замандын парадоксу....
+11
Kaary
2017-04-12 15:15:01
Кыргыз жараныбы? Канаданын жараныбы? Толук жазбайсыңарбы?
+4
frunze14
2017-04-12 15:33:33
Kaary, баягы эле кыргыздар да. Канадалыктардын Кумтордогу эн томонку кызматкери акча эсептеп отчет алып эл башкарган менеджер, бухгалтерлер...
+4
Kroxa
2017-04-12 17:24:27
Kaary,29 жаштагы Улан Байтиков деген автомеханик деп турат го..Канаданын жараны болбой эле кыпкыргыз..
+1
tyrgon
2017-04-12 15:23:24
бир тонна алтын берсин
+6
aravan.kg
2017-04-13 00:08:40
tyrgon,озубуздун эле алтынды беретта берсе эгер
+1
nuke1988
2017-04-12 16:43:10
Чыркырап Бир туугандары калдыда. Бийлик баяагы эле долясын ойлоп отурат
+3
gulmira12345
2017-04-12 17:07:57
алтынды алганынар аз келгенсип адамды дагы алып атасынарвы
+1
alyke.9696
2017-04-12 23:43:36
Ыйманы саламат болсун айылдаш Байкем эле
+1
aravan.kg
2017-04-13 00:10:41
Аллах ырахматына алсын
+1
adahan98
2017-04-13 09:14:55
Жаткан жерин жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан