Бишкекте Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан белгисиз аял секирүүгө аракет кылууда. Ал жерде милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүрүшөт. Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.